Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган милициянын кайгуул кызматкери Бишкектеги республикалык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 17-августтун кечинде билдирди.
15-августта кайгуул кызматкери Элистан Арзыбеков Ысык-Көл облусунда жол тыгынын жөнгө салып жаткан маалда аны Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Ал Бишкек шаардык жол коопсуздук башкармалыгынын кызматкери жана Ысык-Көлгө убактылуу которулган.
ИИМ жана Саламаттык сактоо министрлиги анын ден соолугу боюнча маалымат бере элек.
18-июлда да Чолпон-Ата шаарында иш учурунда Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Мирлан Талайбековду кичи автобус сүзүп кеткен. Кызматкер башынан жараат алып, ооруканага жаткырылган.
Жыл сайын жайкы туристтик мезгил учурунда Бишкек шаардык жол коопсуздук башкармалыгы айрым кызматкерлерди Ысык-Көл облусуна жиберип турат.