Курск: Глушково районундагы экинчи көпүрө ураганы кабарланды

Сейм дарыясындагы ураган көпүрө.

Орусиялык Телеграм каналдар Глушково районунун Сейм дарыясынан өткөн Званное кыштагындагы көпүрөгө да сокку урулуп, зыян келтирилгенин жазышты. Жарыяланган сүрөттөрдөн Званноедеги көпүрөнүн жолу талкаланып калганын көрүүгө болот.

16-августта HIMARS жана авиабомбалар менен сокку урулуп, Глушково айылындагы көпүрө жардырылганы маалым болгон.

“Сейм дарыясындагы көпүрөлөр аркылуу орусиялык куралдуу күчтөрдүн маанилүү коммуникациясы өтөт”, - деп жазды Би-Би-Си.

“Ошентип Глушково районунда жалгыз көпүрө Карыж айылында калды, ачык кыйроого учурагандан кийин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн бул аймакты (атап айтканда, Теткино чек ара аймагы) коргогон тобу понтондор менен кайыктарга түшөт. Бирок душман олуттуу кысым көрсөткө учурда мындай камсыздоо жолдору жетишсиз болуп калышы мүмкүн”, - деп жазды “Военный осведомитель” Телеграм каналы.

Глушково айылындагы көпүрө жардырылганы боюнча маалымат чыккандан кийин Reuters агенттигинин кабарчылары Planet Labs компаниясынын спутниктер тартылган сүрөттөрүнөн жаңы көпүрөгө окшош нерсе пайда болгонун байкашкан. Бул орус аскерлеринин суудан өтүү үчүн шашылыш кураштыра койгон понтондору болушу мүмкүн. Ал мурдагы көпүрөдөн эки чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

  • Орусиянын Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта ушундай эле өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланды. Москва Курск, Белгород жана Брянск облустарында «антитеррордук» операция жүргүзүп жатканын айтууда.
  • Ал эми Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө.
  • Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн тактоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен милиция кызматкери Бишкекке жеткирилдиИталиялык телеканал Суджадагы сюжетинен кийин кабарчыларын чакыртып алдыМАГАТЭ Запорожье АЭСине коркунуч жаралганын билдирди