Кара-Көл: үйү күйүп кеткен 16 үй-бүлө боз үйдө баш калкалоодо

Өрттөнгөн турак жай.

Кара-Көл шаарында 16 үй-бүлө жашап жаткан эки кабаттуу, барак тибиндеги турак жай өрттөнүп кеткен. Үйгө кирүүгө мүмкүн болбой калгандыктан, имараттын жанындагы аллеяга тургундар убактылуу баш калкалап турушу үчүн эки боз үй тигилген.

Тилсиз жоо 13-августта болгон. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Күйүп кеткен батирлердин биринин ээси Айжамал Ажибаева кырсыктан балдары, синдиси жана энесин аран куткарып калганын билдирди.

“Ошол күнү үйүбүз күйгөндө подъездеги электр щити күйүп жатканын көрдүм. Мен эшикте жүргөн элем. Сиңдим эки балам менен энемди алып чыга калышты. Ал эми экинчи кабаттагылар тепкич күйүп кеткендиктен, башка жактар менен качышты. Эл ызы-чуу түшүп калды. Жыгач үй болгондуктан, беш мүнөттүн ичинде күйүп түшүп калды. Учурда эки боз үйдө баарыбыз жашап жатабыз. Эми кантип үйүбүздү оңдойбуз деп турабыз”.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, үйдүн №2 батиринен өрт чыгып, имараттын 300 чарчы метрлик чатыры күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. (TB)

Дагы караңыз

Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүнТалас шаарына жаңы мэр дайындалдыОрусия Курск облусундагы Сейм дарыясынан өткөн көпүрө талкаланганын билдирдиТаш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты пара алууга шектелип кармалды