Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты пара алууга шектелип кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. пара талап кылганы үчүн кармалганын 17-августта билдирди.

Маалыматка караганда, ал О.А.Ж аттуу жарандан соттук актынын негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен анын кызматтан мажбурлап четтилип турган мөөнөтүндөгү айлык маянасын берүү маселесин чечип бергени үчүн пара талап кылган.

“Буга байланыштуу 14-августта Б.С.С. талап кылган керектүү суммадагы акчаны алып жаткан жеринен кармалды жана УКМКнын Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгынын убактылуу тергөө камак жайына киргизилди”, - деп жазылган маалыматта.

УКМК басма сөз кызматы Б.С.С. 2023-жылы июнда шаардык кеңештин төрагасы болуп турганда да пара алууга шектелип кармалганын билдирди. Кийин Б.С.С. аттуу жаранга кылмыш иши козголуп, тараптардын жарашуусу боюнча иш токтотулган.

УКМК 1-августта да Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен бир депутаты пара талап кылууга шек саналып кармалганын билдирген. Алар Кара-Көл шаарындагы “Капчыгай” кафесинин мурдагы ээсинен акча талап кылышканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG