Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Орусия Курск облусундагы Сейм дарыясынан өткөн көпүрө талкаланганын билдирди


Курск облусунун аймагында жүргөн украин танкы. 14-август, 2024.
Курск облусунун аймагында жүргөн украин танкы. 14-август, 2024.

Орусиялык булактар Украин куралдуу күчтөрү Курск облусундагы Глушково айылына барчу жолдо жайгашкан Сейм дарыясындагы көпүрөнү жок кылганын жана Званное кыштагындагы дагы бир көпүрөнү аткылап жатышканын билдирди. Орусиялык Телеграм каналдар жана аскердик блогерлер талкаланган көпүрөнүн сүрөтүн жарыялап жатышат.

Украин күчтөрү Сейм дарыясынын боюндагы аймактын бир бөлүгүн көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканы айтылууда. Украин күчтөрү ээлеп турган плацдарм Глушковонун чыгыш жагында жана Сейм суусу Курск облусунун аймагынан батышты көздөй орус-украин чек арасына чейин Глушково жана Званное айылдары аркылуу агат.

Курсктун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов көпүрөнүн талкаланганын Телеграм каналына жазды. Орусиялык мамлекеттик ТАСС агенттигинин маектеши мындай окуядан улам Глушково районунун бир бөлүгү эвакуацияланбай каларын айткан.

Бул көпүрөлөрдү орус күчтөрү логистикалык багытта колдонору толук мүмкүн.

Украин аба күчтөрүнүн башчысы Николай Олещук көпүрөгө сокку урулганы тартылган видеону жарыялаган. Ал тасма кайсы аймакта качан тартылганы такталган эмес. “Аба күчтөрүнүн авиациясы Курск багыты боюнча согуштук аракеттерге активдүү катышууда”, - деп жазылган видеодо.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкулү Мария Захарова Украин күчтөрү биринчи ирет Курск облусундагы жарандык объектилерге Батыштан чыгарылган курал-жарак менен сокку урганын билдирди. Дипломат бул HIMARS ракеталары болушу толук мүмкүн экенин жазды.

Захарова жайкын тургундарды эвакуациялоого жардам берип жаткан ыктыярчылар да каза болгонун билдирди. Сөз “Элдик фронт” уюмунун эки кызматкери – Николай Ковалёв жана Давид Соколов жөнүндө жүрүп жаткан болушу ыктымал. Алар Украин куралдуу күчтөрүнүн урган соккуларынын биринин кесепетинен каза болгону айтылууда.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 15-августта Курск облусунун 1150 чарчы чакырым жердеги 82 калктуу пункт азыркы тапта украин аскерлеринин көзөмөлүндө экенин билдирген. 6-августтан бери алардын Орусиянын аймагына ичкери жылуусу 35 чакырымга жеткенин айткан.

  • Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта ушундай эле өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланды. Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында «антитеррордук» операция жүргүзүп жатканын айтууда.
  • Ал эми Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө. Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG