Газа боюнча кезектеги сүйлөшүү уланат

Жит кыштагы. 2024-жылдын 16-августу.

Газа секторундагы атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүү бүгүн 16-августта да уланарын AFP агенттиги маалымдады. Он миңдеген палестин тургунунун өмүрүн алган, жүздөн ашуун киши барымтада кармалып турган, жалпы аймакта чыңалууну күчөтүп жаткан согушту токтотуу максатын көздөгөн сүйлөшүүлөр Катардын борбору Доха шаарында 15-августта башталган.

Израил тынчтыкка ХАМАС тобун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) жок кылгандан кийин гана, ал эми ХАМАС атышууну убактылуу эмес, таптакыр токтоткондо гана жетишсе болорун айтып келе жатышат.

Жумага караган түнү Газанын айрым жерлери аткыланып, бир нече киши каза тапканы кабарланды.

Ал эми Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги палестиндер отурукташкан Жит кыштагынын тургундары израилдиктердин кол салуусуна кабылганын билдиришти.

“Кечки саат 7:30 чамасында 100дөй киши капысынан келип кол салды. Үйлөрдү, дарбазанын сыртында турган машиналарыбызды өрттөштү. Айрымдары короонун ичине да кирип, өрт коюуга аракет кылышты” , - деди өзүн Хассан Орман деп тааныштырган жергиликтүү тургун.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги бул чабуулдан 23 жаштагы бир киши каза тапканын, дагы бир киши жараат алганын билдирди.

Дохадагы сүйлөшүүгө АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс, Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани жана Египеттин чалгын мекемесинин башчысы Аббас Камел катышууда. Израилдин атынан тышкы чалгын кызматынын башчысы Давид Барнеа барары маалымдалган. Ал эми ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) сүйлөшүүгө катышпай турганын, жыйынтыгы боюнча маалыматты кабыл алууга даяр экенин билдирген.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча оң жыйынтык чыга элек.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, бир күндө 1197 кишинин өмүрү кыйылган, 251 киши барымтага алынган. Барымтадагылардын 111и дагы эле ХАМАСтын колунда экенин, 39у каза болгонун израилдик аскерлер билдирүүдө. Ошондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуулдар башталган. Андан бери Израил армиясынын Газадагы соккуларынан каза тапкандар 40 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси айтууда. (RK)

Дагы караңыз

Жайыт комитети Суусамырда 30 миӊ гектардай жайытты алтыгана каптаганын билдирдиӨкмөт жайыттардын үчтөн бир бөлүгүн зыяндуу өсүмдүктөр басып кеткенин билдирдиАба ырайы: Тоолуу аймактарда өткүн өтөтКазакстанда сел каптаган аймактагы бир нече үй-бүлө бийликке нааразылыгын билдирүүдө