Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаментинин директору Мыктыбек Каландаров Суусамыр өрөөнүндө 472 миӊ гектар жайыт жердин 30 миӊ гектардай аянтын алтыгана бадалы басканын айтты. Бул тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Анын сөзүнө караганда, Суусамыр өрөөнүндөгү жайытты Чүй жана Талас облустарынын 9 району пайдаланат. Кыргызстанда алтыгана көйгөйү негизинен Суусамыр өрөөнүндө:
“Биз буга чейин алтыгана менен химиялык жана механикалык жол менен күрөштүк. Азыр аны жок кылуу үчүн механикалык жол туура болот деп жатабыз. Атайын техника менен 15-20 см чейин чаап, тамыры менен жок кылабыз. Ал жердин кыртышы бузулгандан кийин жайыт үрөнүн себиш керек”, - деди ал.
Кыргызстандагы жайыттардын жалпы аянты 9 млн гектар. Министрлер кабинети 2024-2029-жылдарга карата Кыргызстандын жайыттарын өнүктүрүү программасын бекиткен.
Өкмөттүн бул программа боюнча сайтына чыккан маалыматта ушул тапта өлкөдө жайыт аянтынын үчтөн бир бөлүгүн уулуу, зыяндуу жана мал жебей турган өсүмдүктөр басып кеткени айтылган.
Мыктыбек Каландаров бирок бул сандар Суусамыр өрөөнүндөгү жана жалпы Кыргызстандагы зыянга учуруган жайыттардын үлүшүнө дал келбей жатканын билдирди.
Соңку жылдары тоо арасындагы жайыттарды, жайлоолорду тикенектүү, жыш өскөн бадал – алтыгана каптай баштаган. Жылдан-жылга мындай бадал адырлардан өтүп, айдоо талааларды каптап, айылдарга чейин жетти. Ушундан улам мал оттой турган жерлер тарыган. (BTo)