Ысык-Көл облусунда чагылган тийип 60 кой өлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чагылган тийип болжол менен 60 кой кырылып калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 15-августта Тоң районунун Көлтөр айылынын Кичи-Анги жайлоосунда болгон. Окуя болгон жерден тартылган видеодо чагылган тийген малдын жарымы күйүп кеткени айтылат.

Быйыл 7-июлда да Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Саз айылындагы Жазы-Кечүү жайлоосунда чагылган түшүп, 250 баш кой өлгөн. (BTo/AsK)

Дагы караңыз

Өкмөт жайыттардын үчтөн бир бөлүгүн зыяндуу өсүмдүктөр басып кеткенин билдирди15-август: Экс-министр Кутманова уулу менен камакта калды, Курскиде Украина аскер комендатурасын түздү Укук коргоочулар Брюсселди тажик жаранын депортация кылбоого чакырууда Ош шаардык мэриясы мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна үч бөлмөлүү батир бердиӨзбек жана казак жарандарынын ортодогу чек арадан ID-карта менен өтүү мүмкүнчүлүгү каралуудаУкраина Орусиянын Курск облусунда комендатура түздүЭки жашар баланын өлүмү боюнча соттолгон чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылатЮНЕСКО: “Талибан” келгенден бери Ооганстанда 1,4 млн кыз билим ала албай калдыМилиция Мирланбек Маратбек уулунун иши боюнча комментарий берди