Орусия улуттук азчылыктарды коргоо конвенциясынан чыкты

Орусияда 270 тилде жана диалектте сүйлөгөн 193 улуттун өкүлү жашайт.

Орусия улуттук азчылыктарды коргоо тууралуу европалык алкактык конвенциядан чыкканын жарыялады. Бул тууралуу расмий маалымат орус Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды, конвенциядагы мүчөлүк 1-августтан тартып токтотулганы маалымдалды.

Аталган конвенцияга Орусия 1996-жылы кошулган. Ага Европа Кеңешинин бардык өлкөлөрү (Андорра, Монако, Түркия жана Франциядан тышкары) кол койгон. Бельгия, Грекия, Исландия жана Люксембург кол койгон, бирок ратификация кылган эмес.

Конвенция Европадагы азчылык улуттарга карата мамиленин негизги принциптерин аныктайт. Мисалы, аларды басмырлоого, мажбурлап ассимиляция кылууга, өз динин тутуу жана өз тилинде сүйлөө эркиндигин чектөөгө жол берилбеши керектигин белгилеп турат.

Орусия президенти Владимир Путин бул конвенциядан чыгуу тууралуу сунушун Мамлекеттик Думанын кароосуна 2023-жылдын сентябрында киргизген. Буга 2022-жылы Украинадагы согуш башталгандан кийин Европа Биримдиги аталган конвенция боюнча консультациялык кабинеттеги орусиялык эксперттердин ыйгарым укуктарын чектеп койгону себеп болгон. Былтыр 19-октябрда Путиндин жарлыгы менен конвенция денонсация кылынган.

Расмий маалымат боюнча, Орусиянын аймагында 270 тилде жана диалектте сүйлөгөн 193 улуттун өкүлү жашайт. Москва өлкө курамындагы республикалардын, аймактардын элинин, этностук топтордун тилине жана маданиятына коркунуч жараткан саясат жүргүзүп жатканын укук коргоочулар жана активисттер айтып келишет. (RK)

Дагы караңыз

"Үйүнөн кармап кетишкен". Кытайлык казак интеллигенттери камакта отурабы?Иранда өлүм жазасына соттолгон ырчы акталдыОрусияда АКШ жараны 15 күнгө камакка алындыАба ырайы: Бишкекте күн ысык болот