Палестин автономиясынын лидери Анкарада Эрдоган менен жолугат

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас. 2015-жыл.

Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Анкарада 14-августта жолугары күтүлүүдө.

Буга чейин Аббас Москвада болуп, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан.

Аббастын бул сапары он айдан бери Газа тилкесинде уланып жаткан согушту токтотуу аракеттеринен майнап чыкпай, Иран жана анын тарапташтарынын Израилге кол салуу коркунучу күчөп турган маалга туш келди.

Эрдоган Израилдин Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерин кескин сындап, өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхуну "Газанын касапчысы" деп атап келет. Газадагы согуштун тутанышына ХАМАС радикал уюмунун 7-октябрда Израилге жасалган кол салуусу түрткү болгон. Бул уюмду АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп санаганы менен Эрдоган аны "боштондук кыймылы" деп атайт.

Аббас ошондой эле 15-августта түрк парламентинде сөз сүйлөй турганы белгилүү болду.

7-октябрдагы кол салууда хамасчылар 1200дөй киши жок кылынып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Андан бери Израил армиясынын Газадагы аскердик операциясында 40 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин Саламаттык сактоо уюму билдирип келет.

Дагы караңыз

ТИМ кыргызстандыктарды Орусиянын үч облусуна барбай турууга чакырдыОрусиянын өтүнүчү менен кармалган жаран Кыргызстанга эстрадицияландыБазарбеков тергөө органдарын күнөөсүздүк презумпциясын сактоого чакырды