Румыниянын Аскердик-деңиз күчтөрү Кара деңиздин жээгине жакындап калкып барган минаны көзөмөлдөп жардырып, жок кылганын 13-августта кабарлады.
Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, түштүк-чыгыштагы Гриндул Читук районунун жергиликтүү бийлиги жээк тарапта белгисиз объект аныкталганын билдирген. Бул жер, Reuters агенттиги жазгандай, Дунай суусунун оозунун Украина менен чектешкен тилкесиндеги бөлүгү болуп эсептелет.
«Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдүн негизинде объект өзөктүк кубаты бар, жөө аскерлерге каршы ЯРМ фугастык минасы экени аныкталды», - деп билдирди мекеме жана мина коопсуз шартта жок кылынганын маалымдады.
Жээгинде Болгария, Румыния, Грузия, Түркия, Украина жана Орусия жайгашкан Кара деңиз аймакта дан жана мунай азыктарын экспорттоодо негизги ролду ойнойт.
Орусия Украинага кол салып, согуш баштагандан бери жээкке жакын аймагынан 100дөй мина жок кылганын Румыниянын Аскердик-деңиз күчтөрү маалымдады. (RK)
Дагы караңыз
Талаштуу WhatsApp тайпа. Журналист камалган иштин чоо-жайы Газада 40тан ашуун киши каза болдуГазанын жарандык коргонуу мекемеси дагы 30 адам каза болгонун билдирдиФранция, Германия жана Улуу Британия Газа боюнча билдирүү жарыялашты