Акжол Махмудов: 2028-жылы өтө турган Олимпиадага бүгүнтөн баштап даярданам

Акжол Махмудов Париж Олимпиадасында.

Парижде өткөн Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта коло байге алган Акжол Махмудов 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадада алтын медал алууга аракет кыларын айтты. Бул тууралуу ал 13-августта Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Олимп оюндарына катышкан спортчуларды тосуп алуу иш-чарасында билдирди.

“Эл күткөн алтын медалды ала албай ишеничти актай албай калдык деп өзүбүздү күнөөлүү сезип жатам. Кудай буюрса, кийинки Олимп оюндарында алтын медал тагынганга толук күч-аракетимди жумшайм. 2028-жылы өтө турган Олимпиадага бүгүнтөн баштап даярданам”, - деди ал.

Акжол Махмудов Париж Олимпиадасында жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. 6-августта 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилген. Демеу Жадраев финалга чыгып, Акжол коло байгеге ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. 7-августта көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде утуп, Олимпиаданын коло байгеси үчүн таймашка чыккан. Үчүнчү орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңген.

26-июлдан 11-августка чейин өткөн Париж ХХХIII Жайкы Олимп оюндарына 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышты. Анда жалпысынан 329 комплект медал ойнотулду.

Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барды. Алардын ичинен кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмак ченинде балбан кыз Мээрим Жуманазарова күмүш, 57 кг чейинки салмакта мушкер Мунарбек Сейитбек уулу да күмүш медал алды. Грек-рим күрөшүнөн 60 кг чейинки салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков, 77 кг чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 кг чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков коло алды. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова да коло медал утту.

Бул Олимп оюндарына андан тышкары дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских, грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта Амантур Исмаилов, эркин күрөштөн 65 кг чейинки салмак ченинде Эрназар Акматалиев, 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу, кыз-келиндер күрөшүнөн 76 кг салмакта Айпери Медет кызы, эркин күрөштөн 125 кг салмакта Айаал Лазарев жана марафончу Сардана Трофимова катышты.

Кыргызстан эки күмүш, төрт коло медалы менен 68-орунду ээледи. Париж Олимпиадасы Кыргызстандын эгемен тарыхында эң көп медал алган дүйнөлүк мелдеш болду. Кыргыз спортчулары Сиднейде бир коло байге, Бээжинде бир күмүш, эки коло жана Токио оюндарында эки күмүш, бир коло медал уткан. (BTo)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” борборун сел каптадыПариж Олимпиадасына катышкан спортчулар Кыргызстанга келиштиБишкекте жаӊы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 850 чарчы метр аянты өрттөндүБишкекте белгилүү виртуоз Даниэл Лозаковичтин концерти болотHRW: Ооганстанда аялдардын укугу боюнча дүйнөдөгү эң олуттуу кризис жаралдыУТРКнын директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу кармалдыИшкер Жалил Атамбаев уюшкан топту каржылаган деген айып менен камалдыЭкс-депутат Айдаров кылмыштуу топту каржылаган деген айып менен камалды