Бишкекте белгилүү виртуоз Даниэл Лозаковичтин концерти болот

Даниэл Лозакович Бишкектеги концертинде. 2022-жыл.

29-августта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү швециялык скрипач Даниэл Лозаковичтин концерти өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 12-августта кабарлагандай, “Скрипканын ханзаадасы” Лозакович Моцарт менен Сибелиустун атактуу чыгармаларын аткарат.

"Даниэл бала кезинде окуткан Михаил Казиникти атайын Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте өтө турган концертине чакырган. Михаил Казиник кыргыз музыка сүйүүчүлөрүн улуу композиторлордун укмуштуудай чыгармалары менен тааныштырат. Бул концерт классикалык музыканын бардык күйөрмандары үчүн чыныгы музыкалык майрам жана дээрлик 300 жыл болгон Страдиваринин скрипкасынын үнүн угууга эң сонун мүмкүнчүлүк берет", - деп жазылган маалыматта.

Даниэл Лозакович Кыргызстанга 2022-жылы да келип, концерт берген. Анын апасы Алена Лозакович (Шаршекеева) Бишкекте туулуп өскөн.

Дүйнө элине бала чагынан таанылган Даниэл Лозакович 2001-жылы 1-апрелде Швециянын борбору Стокгольмдо төрөлгөн. Ал жети жашынан скрипкада ойной баштаган. Эки жылдан кийин Владимир Спиваков жетектеген “Москва виртуоздору” оркестринде солист катары дебют жасаган.

2012-жылы Карлсруэдеги музыкалык университетке тапшырып, профессор Иосиф Рысинден сабак алган. 2015-жылдын сентябрынан баштап профессор Эдуард Вульфсон ага устат болгон. Лозакович Женевадагы Du Leman коллежин бүтүргөн. (ZKo)

Дагы караңыз

Бриллиант, батир, уй... Олимпиада жеңүүчүлөрүн кандай белек күтөт?Курск: Кырдаал курчуду. Украин армиясы 30 чакырымга чейин кирдиКамактагы казак журналисти кезектеги ачкачылык акциясын баштадыУТРКнын директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу кармалды