Казарман, Жалал-Абад, Кербендеги аэропорттор каттамдарды кабыл алууга даяр экени айтылды

"Жалал-Абад" аэропорту.

Кыргызстандагы "Казарман", "Жалал-Абад" жана "Кербен" аймактык аэропорттору каттамдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы 12-августта билдирип, жаңы сатып алынган учактардын алгачкысы сентябрда келерин маалымдады.

Маалыматка ылайык, "Манас" эл аралык аэропорту башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Жарандык авиациясынын директору Данияр Бостонов менен бирге аталган аэропорттордун даярдыгын текшерди.

"Казарман" аэропортунда терминал жасалгаланып, учуп-конуу тилкеси толугу менен жаңыртылды. "Кербен" аэропортунун учуп-конуу тилкелери толугу менен жаңыртылды, ал эми "Жалал-Абад" аэропортунда 2024-жылы учуп-конуу тилкеси толугу менен алмаштырылды.

Былтыр “Манас” аэропортунун алдында “Асман эйрлайнс” компаниясы түзүлгөн. Акциясы толугу менен мамлекетке таандык бул ишканага Кыргызстан сатып алган Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар берилерин "Манас" эл аралык аэропортунун" башкармалык төрагасы Манасбек Самидинов буга чейин журналисттерге билдирген.

Кыргызстанда азыр ички каттамдарга "ТезЖет" жана "Авиатрафик" компаниясынын учактары чыгат. (ZKo)

Дагы караңыз

Чолпон-Атада селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилдиФранция, Германия жана Улуу Британия Газа боюнча билдирүү жарыялаштыИшкер Жалил Атамбаев уюшкан топту каржылаган деген айып менен камалдыОоганстандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” алдыКыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдү