Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ысык-Көл районунундагы селдин кесепеттерин жоюуга 120 адам тартылганын кабарлады. Андан тышкары атайын техника иштеп жатат.
Мекеменин маалыматына ылайык, 11-августта Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесинде төрт үйдү, Бактуу-Долоноту айылында тогуз турак жайды каптаган. Булан-Сөгөттү айылында бир, Бостери айылында үч турак үйгө суу кирген.
ӨКМ быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 300дөн ашык сел жүрүп, акыркы 30 жылдын ичинде рекорддук чекке жеткенин билдирген. Өлкө 2024-жылдын алты айында табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты.
Сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. (BTo)
Дагы караңыз
Таш-Көмүр шаарында турак жайдан чыккан өрттөн төрт адам каза болдуМосква: "Казак диаспорасынын" башчысы "фейк тараткан" деп айыпталдыИзраил армиясы Хан-Юнистин тургундарына башка жерге көчүүнү эскерттиАКШ: Трамптын штабы ирандык хакерлер чабуул койгонун билдирдиИран: Тышкы иштер министрине Аббас Аракчинин талапкерлиги көрсөтүлдү