Израил армиясы Хан-Юнистин тургундарына башка жерге көчүүнү эскертти

Хан-Юнистин чыгыш тарабында баш калкалаган палестин качкындары

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесинин түндүгүндөгү Хан-Юнис шаарынын тургундарын башка гуманитардык зонага эвакуацияланууга чакырган баракчаларды таратканын The Times of Israel басылмасы жазды. Маалыматка караганда, Хан-Юнистеги Аль-Жалаа району гуманитардык зонанын бөлүгү деп саналбай турганы, ал жерде ХАМАС уюмунун (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) аскердик инфраструктурасы бардыгы айтылат. Андыктан ЦАХАЛ карапайым тургундарга башка зонага кетүүнү эскертип, арабча кабар таратышты.

ЦАХАЛдын аскерлери террордук топторго каршы операция даярдап жатканын жарыялады. Израил басылмасы жарыялаган билдирүүдө атайын операция такталган чалгын маалыматтарына таянып, жүргүзүлөрү жазылган.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Газа боюнча эл аралык уюмдар сектордо жайкын тургундар үчүн коопсуз жер калбай калганын белгилеп келет.

Газадагы согуш ХАМАСтын согушкерлери былтыр 7-октябрда Израилдин аймагына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алгандан кийин башталган.

Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы 10 айдан бери анклавда кеминде 38 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын билдирген.

Дагы караңыз

Орусияда YouTube ачылбай калды. Кыргызстанга таасири кандай болот? Көлбаевдердин кайсы мүлкү мамлекетке өттү? “Элимдин колдоосун сездим”. Париж Олимпиадасынын каарманы Мунарбек