АКШ: Трамптын штабы ирандык хакерлер чабуул койгонун билдирди

Жей Ди Вэнс менен Дональд Трамп, 20-июль, 2024-жыл

АКШдагы Республикалык партиянын президенттикке талапкери Дональд Трамптын шайлоо штабы ирандык хакерлер компьютерлерди талкалап кирип, ар кандай жашыруун маалымат ачыкка чыгып кеткенин билдирди. Бул тууралуу The Washington Post гезити жазды.

Сөз Трамптын Жей Ди Вэнсти вице-президентикке кантип тандаганы жана ал кызматка келип калса, анын кесепети жөнүндө документти жарыялоо тууралуу болуп жатат.

Документ Вэнс сенатор болуп турганда берген интервьюлардан жана ачык жарыялаган макала-баяндарды камтыйт. Анын аныктыгын Politico басылмасынын эки булагы бышыктаган.

Журналисттердин сөзүнө караганда, хакерлердин колунда Трамптын сот иштери боюнча шайлоо штабындагы электрондук каттар да болушу ыктымал.

Трамп өзүнүн Truth социалдык тармагына штабдын сайттарынын бирин ирандык өкмөтчүл хакерлер талкалап киргенин, ал тууралуу Microsoft компаниясы маалымат бергенин жазды.

Microsoft мурдараак ирандык хакерлер менен боттор шайлоону утурлай президенттикке аттанган эки талапкерге тең чабуул коюп, коомдо социалдык ажырымды күчөтүп, башаламандыкты жаратып, АКШнын саясий системасына дүрбөлөң салууну көздөп жатканын билдирген.

Microsoft компаниясынын өкүлү журналисттерге кошумча маалымат берүүдөн баш тартты. БУУдагы Ирандын туруктуу өкүлчүлүгү Reuters агенттигине Тегерандын АКШдагы шайлоого кийлигишүүгө "такыр ниети жоктугун" билдирди.

Трамп президент болуп турганда АКШ менен Ирандын мамилеси курчуп кеткен. 2020-жылы америкалык күчтөр Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Касем Сулейманини жок кылгандан кийин Тегеран Кошмо Шатттардан "өч аларын" билдирген.

Дагы караңыз

Украин армиясы Орусияга эмнеге кирип барды?Көлбаевдердин кайсы мүлкү мамлекетке өттү? "Чет элдик өкүл" мыйзамы: Шайлоону сындагандар "саясий ишмер" болобу?“Элимдин колдоосун сездим”. Париж Олимпиадасынын каарманы Мунарбек