Бишкек: катуу шамалда ондогон бак кыйрап, көп кабаттуу үйлөрдүн чатыры сынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Бишкек шаарында 9-августта кечке жуук болгон катуу шамалда 30дай бак сынып, төрт көп кабатуу үйдүн, бир жер тамдын жана чайхананын чатыры сынды. Андан сырткары кырсыкта төрт машина жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

“9-августта саат 17:49дан 19:00гө (1 саат 11 мүнөт ичинде) чейин Чүй облусунун Аламүдүн районунда жана Бишкек шаарында түштүктөн соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 26 метрге чейин жетти. Кырсыкта адам өмүрүнө коркунуч жараткан жагдай жана жабыркагандар болгон жок. Учурда тактоо уланууда, кошумча маалымат берилет”, - деп жазылган маалыматта.

Жыл башынан бери Бишкекте, Чүй жана Талас облустарында жана Балыкчы шаарында бир канча жолу катуу шамал болду.

Март айынын аягында катуу шамалда Бишкек менен Чүйдө 26 адам жабыркап, алардын алтоо ооруканага жаткырылган. Кырсыкта Чүйдө 180ден ашык объект зыянга учурап, чыгым 23,5 милион сомдон ашкан. Бишкек шаарында болсо зыян 17 миллион сомго жакын деп эсептелген.

Дагы караңыз

Курск, Брянск жана Белгороддо “контртеррористтик операция” режими киргизилдиИранда бир күндө 29 адам дарга асылды