Париж Олимпиадасында эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн беттеште өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевге жеңилди (1:5). Алмаз уулу ушуну менен Париж Олимпиадасындагы таймаштарын жыйынтыктап, 5-орунду ээледи.
Бекзат Алмаз уулу бул Олимпиадада төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, бирок чейрек финалда АКШ балбаны Спенсер Ричард Лиге жеңилген. Спенсер Ричард Ли финалга чыкканына байланыштуу Бекзат коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Көңүл жубатуучу беттеште кытайлык Цзоу Ванхаонун далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Гуломджон Абдуллаев 26 жашта. Ал Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Үч жыл мурун Токио Олимпиадасында 7-орунду ээлеген. Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү. Жаштар арасында Азия чемпиону жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.
24 жаштагы эркин күрөш балбаны Бекзат Алмаз уулу Олимпиадага алгач ирет катышып жатат. Ал Бишкекте өткөн Азия чөлкөмүнөн Олимпиадага тандоо мелдешинде жеңүүчү болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды (2024-жыл, апрель). 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын алтын (2023-ж.) жана күмүш байгелеринин ээси (2022-ж.). 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында (U23) эки жолу коло байге уткан (2022,2023).
Париж Олимпиадасында Кыргызстандын капчыгында Париж Олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы бар. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Коло байгелерди грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограммга чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков утушту. Бир күмүш, үч коло медалы менен Кыргызстан 71 өлкөнүн арасынан 65-орунда баратат.
Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу катышууда. Алдыда кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова 10-августта коло байге үчүн күрөшөт. Бул күнү балбандар Эрназар Акматалиев жана Айпери Медет кызы таймаштарын баштайт. Ошондой эле эркин күрөштөн 125 килограмм салмакта Айаал Лазарев көңүл жубатуучу беттеште канадалык Амарвир Деси менен күрөшөт. Ал беттешти утса, коло байге үчүн күч сынашат. 11-августта марафончу Сардана Трофимова жарышка чыгат. (ECh/GT)
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.
Дагы караңыз
Олимпиада финалы: Мунарбек Сейитбек уулу жараткан тарыхПариж-2024: Күйөрмандардын кубанычыПариж-2024: Айаал Лазарев көңүл жубатуучу беттешке чыгат