Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Париж-2024: Айаал Лазарев көңүл жубатуучу беттешке чыгат


Айаал Лазарев
Айаал Лазарев

Париж Олипиадасында эркин күрөштөн 125 кг чейинки салмакта кыргызстандык балбан Айаал Лазарев коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

9-августа килемге чыккан Лазарев алгачкы беттешинде ирандык балбан Амир Хоссейин Зареге 5:0 эсебинде жеңилди. Хоссейин Заре финалга чыгып, Лазаревге көңүл жубатуучу беттешке чыгууга жол ачылды. Ал бул таймаштан утса, коло байге үчүн күрөшөт.

Көңүл жубатуучу таймашта Лазарев канадалык Амарвир Деси менен күрөшөт. Беттеш 10-августта саат 15:00дө башталат.

Теги якутиялык Айаал Лазарев - 38 жашта. 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет.

Азия оюндарынын коло байгесинин ээси (2023-ж.). Азия чемпиону (2015-ж.), эки күмүш (2021, 2024), үч коло медалдын ээси (2010-ж., 2013-ж, 2016-ж.). Олимп оюндарына ушуну менен үчүнчү жолу катышууда. 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада 15-орунду, 2021-жылы Токио шаарында өткөн Олимп оюндарында 16-орунду алган. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда коло медал уткан.

Айаал Лазарев: "Жакшы ийгилик жаратып, спорттон кетем"
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:40 0:00

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Ушул тапта бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 74 өлкөнүн ичинен 66-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. (GT)

XS
SM
MD
LG