Тажикстанда белгилүү адамдарга иш козголгону ырасталды

Кылмыш иш козголгондор

Тажикстандын баш прокурору Юсуф Рахмон 9-августтагы пресс-конференцияда бир катар белгилүү адамдардын үстүнөн кылмыш иш козголгонун тастыктады. Бирок ошол иштер купуя болгондуктан, чоо-жайын айтуудан баш тартты. Бул тууралуу "Озоди" радиосу жазды.

Рахмондун айтымында, экс-депутат жана Демократиялык партиянын мурдагы төрагасы Саидджафар Усмонзода, Социал-демократтар партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Шокирджон Хакимов, Демократиялык партиянын жетекчи орун басары Ахмадшох Комилзода, советтик мезгилдеги Жогорку кеңештин экс-спикери Акбаршо Искандаров жана мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифиге иш козголгон.

Прокурор ал иштердин бири-бири менен тыгыз байланышы бар экенин айтты.

Белгилүү саясатчылар менен мурдагы аткаминерлерди кармоо толкуну кошуна өлкөдө июнда башталган. Ошондо улуттук "Ховар" агенттиги Башкы прокуратурага шилтеме менен бийликти басып алууга аракеттенген деп шек саналган парламент депутаты Саидджафар Усманзода кармалганын кабарлаган.

Эки күндөн кийин, 14-июнда мыйзам чыгаруучу парламенттин уруксатынан кийин мандатынан ажыратылган жана камакка алынган. Юсуф Рахмон ошондо Усмонзода оппозициялык партиялардын башын бириктирген тыюу салынган "Тажикстандын улуттук альянсы" менен кызматташканы, оппозиция лидерлери менен бийликти алуу кутумуна катышканы үчүн күнөөлөнүп жатканын билдирген.

"Озоди" жазгандай, кармалгандардын же алардын жакындары менен адвокаттарынын кылмыш иштерине байланыштуу пикирлери азырынча белгисиз

Буга чейин айыпталып жаткандардын туугандары алар менен көрүшүү уруксатын ала албаганын айтышкан. Кээ бир адвокаттар да жолугуша алган жок.

Дагы караңыз

Эдил Байсалов фейк маалымат тараткандардын жоопкерчилигин эскертти Улуттук банк 51 млн 650 миң доллар саттыПариж-2024: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты