Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Париж-2024: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты


Архив сүрөт. Айсулуу Тыныбекова.
Архив сүрөт. Айсулуу Тыныбекова.

Париж Олимпиадасында бүгүн, 9-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты. Ал чейрек финалда АКШ балбаны Кайла Колиин Мираклды упайлардын сапаты менен 6:6 эсебинде жеңди.

Тыныбекова буга чейин 1/8 финалда нигериялык Эстер Колаволени 5:1 эсеби менен утуп алган.

Айсулуу Тыныбекова менен Кайла Колиин Миракл буга чейин беш жолу беттешип, төрт беттештеринде Тыныбекова жеңишке жеткен.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова Кайла Мираклды 2020-жылы Matteo Pellicone эл аралык рейтингдик мелдешинде жарым финалда 4:0, 2021-жылы Дүйнө чемпионатынын финалында 7:0, 2023-жылы Ibrahim Moustafa аталышындагы эл аралык рейтингдик мелдешинде чейрек финалда 10:0, 2024-жылы Хорватияда өткөн Zagreb Open рейтингдик мелдешинде 7:0 эсебинде жеңген. Ал эми 2022-жылы АКШда өткөн аялдар арасында дүйнөлүк кубокто жеңилген.

Эми Тыныбекова жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденко менен күрөшөт. Тыныбекова менен Коляденко буга чейин 2021-жылы дагы Токио Олимпиадасынын жарым финалында беттешип, ал таймашта Айсулуу 10:0 эсебинде уткан. Андан тышкары 2023- Ibrahim Moustafa аталышындагы эл аралык рейтингдик мелдешинде жарым финалда 2:0, 2023-жылы Дүйнө чемпионатынын чейрек финалында 2:2 эсебинде жеңген.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

Париж Олимпиадасына фавориттердин катарында барган Айсулуу Тыныбекова 2023-жылдын башынан ушул күнгө чейин сегиз эл аралык мелдешке катышып, алты алтын, бир коло байге уткан. Учурда ал Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 62 килограмм салмакта биринчи орунда турат.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапкан.

Париж Олимп оюндары Айсулуунун спорттук карьерасындагы төртүнчү Олимпиада. Ал биринчи жолу 2012-жылы өткөн Лондон Олимпиадасына катышып, 13-орунду ээлеген. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн оюндарда 5-орунду багындырган. 2021-жылы өткөн Токио Олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон.

Эркин күрөштөн 125 килограмм салмакта килемге чыккан кыргыз балбаны Айаал Лазарев алгачкы беттешинде ирандык Амир Хоссейин Зареге 5:0 эсебинде жеңилди. Эгер Амир Хоссейин Заре финалга чыкса, Айаал Лазарев коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Күрөштүн бул түрүнөн 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн өзбек балбаны Гуломжон Абдуллаев менен 9-августта беттешет.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 74 өлкөнүн ичинен 65-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. (ECh/GT)

XS
SM
MD
LG