Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Улуттук банк 51 млн 650 миң доллар сатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы 8-августта валюта базарына 51 млн 650 миң доллар сатты. Бул тууралуу маалымат башкы банктын сайтына жарыяланды.

Быйылкы жылдын дээрлик март айынан бери Улуттук банк валюта базарынан долларды сатып алуу операциясын гана жүргүзүп келген.

Улуттук банк алмашуу курсундагы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн жыл башынан бери 16 жолу интервенция жасады. Анын төрт жолкусунда рынокко доллар сатса, 12синде доллар сатып алган. Жалпы интервенциянын көлөмү 359,6 миллион доллардан ашты.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 85 сом 15 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85 сом 40 тыйындан сатып алынып, 85,9-86 сомдон сатылууда

Интервенция валютанын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Доллардын баасы июль айында 83 сомго чейин төмөндөгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG