Бишкекте бир катар көчөлөр оңдоо иштери үчүн убактылуу жабылат

Оңдолуп жаткан көчөлөрдүн бири. Бишкек. Июль, 2024-жыл.

Бишкектеги Толстой көчөсүнүн Садыгалиев жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн аралыгы оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматында, аталган бөлүктө оңдоо иштери 10-июндан бери жолдун бир багытын жабуу менен жүрүп келген.

"Оңдоо иштерин тездетип, тез арада жыйынтыктоо максатында жолдун бул бөлүгү 10-августтан 25-августкаа чейин жол кыймылы үчүн толугу менен жабылат", - деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Бишкекте 10-августтан тарта Юнусалиев көчөсү менен Горький көчөлөрүнүн да тилкелери оңдоо иштери үчүн жабылган.

Июлдун аягында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектин бир катар көчөлөрүн реконструкциялоодо жана курууда милдеттемелерди аткарууну кечеңдетүү жана аткарбоо фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон.
Президент Садыр Жапаров быйыл апрелде "Кабар" агенттигине курган маегинде, өткөн жылы Бишкек шаарындагы 18 көчөнүн жолун капиталдык оңдоодо 15 жеке компания тартылганын, алардын алтоонун жумушунда кемчиликтер аныкталып, өз каражатынын эсебинен кайра оңдой турганын айткан.

Быйыл жаздын келиши менен Бишкектеги жолдордо аң-чөнөктөр көбөйгөнү коомчулукта талкуу жаратып, маселе парламентте да көтөрүлгөн. Айрым депутаттар жолдун сапатына нааразы болуп, чара көрүлүшү керектигин белгилешкен.

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, жайдын башынан бери “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы калаадагы жолдорду оңдоп, жамоо иштерин улантууда.(ZKo)

Дагы караңыз

Париж-2024: Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чыктыПариж-2024: Бекзат Алмаз уулу коло медал үчүн күрөшөтКрасноярск крайында мигранттарга такси айдоого тыюу салынды"Эл үмүтү" стипендиясына 22 талапкер ээ болду Президент Жапаров Париждеги спортчулардын тамагы боюнча сынга жооп берди