Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Париж-2024: Бекзат Алмаз уулу коло медал үчүн күрөшөт


Бекзат Алмаз уулу беттеш учурунда.
Бекзат Алмаз уулу беттеш учурунда.

Париж Олипиадасында эркин күрөштөн 57 кг чейинки салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу көңүл жубатуучу беттеште кытайлык Цзоу Ванхаонун далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Эми ал коло медал үчүн өзбек балбаны Гуломжон Абдуллаев менен күч сынашат. Коло медал үчүн жана финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 22:15те башталат.

Бекзат Алмаз уулу 1/8 финалда казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, бирок чейрек финалда АКШ балбаны Спенсер Ричард Лиге жеңилген. Спенсер Ричард Ли финалга чыкканына байланыштуу Бекзат коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

24 жаштагы эркин күрөш балбаны Бекзат Алмаз уулу Олимпиадага алгач ирет катышып жатат. Ал Бишкекте өткөн Азия чөлкөмүнөн Олимпиадага тандоо мелдешинде жеңүүчү болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды (2024-жыл, апрель). 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын алтын (2023-ж.) жана күмүш байгелеринин ээси (2022-ж.). 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында (U23) эки жолу коло байге уткан (2022,2023).

Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж Олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы бар. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Коло байгелерди грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 кг чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 кг чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков утушту. Бир күмүш, үч коло медалы менен Кыргызстан 71 өлкөнүн арасынан 65-орунда баратат.(GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG