Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:20

Париж-2024: Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чыкты


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Париж Олимпиадасында бүгүн, 9-августа кыз-келиндер күрөшүнөн беттештер башталып, кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова килемге чыкты. Ал 1\8 финалда нигериялык Эстер Колаволени 5:1 эсеби менен утуп, чейрек финалга чыкты.

Эми Тыныбекова чейрек финалда АКШ балбаны Кайла Миракл менен беттешет.

Нигериялык Эстер Колаволе 22 жашта. Африка оюндарынын чемпиону.

Париж Олимпиадасына фавориттердин катарында барган Айсулуу Тыныбекова 2023-жылдын башынан ушул күнгө чейин сегиз эл аралык мелдешке катышып, алты алтын, бир коло байге утту. Учурда ал Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 62 килограмм салмакта биринчи орунда турат.

Айсулуу Тыныбекова: “Өзүмдүн жана өлкөмдүн жаңы тарыхын жаздым”
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапкан.

Париж Олимп оюндары Айсулуунун спорттук карьерасындагы төртүнчү Олимпиада. Ал биринчи жолу 2012-жылы өткөн Лондон Олимпиадасына катышып, 13-орунду ээлеген. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн оюндарда 5-орунду багындырган. 2021-жылы өткөн Токио Олимпиадасында күмүш медалга ээ болду.

Эркин күрөштөн 125 килограмм салмакта килемге чыккан дагы бир кыргыз балбаны Айаал Лазарев алгачкы беттешинде ирандык балбан Амир Хоссейин Зареге 5:0 эсебинде жеңилди. Эгер Амир Хоссейин Заре финалга чыкса, Айаал Лазарев коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгат.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 74 өлкөнүн ичинен 65-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. (GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG