Красноярск крайында мигранттарга такси айдоого тыюу салынды

Орусияда Красноярск крайынын бийлиги чет өлкөлүктөрдүн такси айдоосуна, тамеки жана арак-шарап саткан дүкөндөрдө сатуучу болуп иштөөсүнө тыюу салды.

Аймактын жетекчиси Михаил Котюков мыйзам эмки жылдын 1-мартында күчүнө кирерин Телеграм-каналына жазып, бирок чечим эмне себептен кабыл алынганын түшүндүргөн жок. Губернатор чектөөлөр башка тармактарда да киргизилерин жокко чыгарбайт.

Ага чейин “Агентство” мигранттардын иштөөсүнө чектөөлөр орус региондорунун үчтөн биринде, аннексияланган Крымда киргизилгенин санап чыккан.

Мигранттарга көбүнчө такси кызматында иштөөгө тыюу салынат. Атап айтканда, 27 аймакта ошондой мыйзам бар. Кээ бир жерлерде чет жактан келген жумушчуларга мейманканаларда, коомдук тамактануу жайларында, китепкана жана финансылык кызмат көрсөтүү тарамктарында иштөөгө болбойт.

Орусияда март айында "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин мигранттарга каршы басым-кысым күч алды. 145 адамдын өмүрүн алган ал терактты уюштурууга шек саналып теги борбор азиялыктар кармалган.

Андан тышкары Орусиянын бир катар аймактарында мигранттарга каршы ири рейддер жанданды. Алардын айрымдарына улутчул кыймылдардын да өкүлдөрү катышып жатат. 8-августта Самара облусунда Ички иштер министрлиги, Росгвардия жана атайын багыттагы отряддын өкүлдөрү биргеликте негизинен мигранттар эмгектенген курулуш, базарларды жана алар жашаган жатаканаларды текшеришти.

Орусияга кирүү жана мыйзам бузганы үчүн айрым мигранттарга протокол түзүлүп, кээ бирөөлөрүнө мыйзамсыз миграцияны уюштурган деген негизде кылмыш иши козголду. Андан тышкары "Русская община" улутчулдар кыймылынын өкүлдөрү менен бирге өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө 20дан ашуун мигрант жатаканадан чыгарылып, полицияга жеткирилди.

Июль айынын соңунда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуп, кыргыз мигранттарына карата текшерүүлөрдүн күчөшүнө тынчсыздануу билдирген.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Астанада суу ресурстары боюнча борбор түзүүнү сунуштадыМухаммад Юнус Бангладештин утурумдук өкмөт башчысы катары ант бердиӨКМ: Быйылкы жылы сел болуп көрбөгөндөй көп болду