Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

ӨКМ: Быйылкы жылы сел болуп көрбөгөндөй көп болду


Ошто 14-июлда болгон селдин кесепети.
Ошто 14-июлда болгон селдин кесепети.

2024-жылы Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетип, 300дөн ашты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) чукул кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыев 9-августта маалымат жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, быйыл жүргөн селдин саны акыркы 30 жыл ичиндеги эң жогорку чекке жетти, отуз жыл мурдагы цикл кайталанууда.

Сакыев селдин арбын жүрүшүнө өлкөнүн тоолуу рельефи, сейсмикалык активдүүлүк жана климаттык өзгөрүүлөр жана адам фактору да таасир этерин белгиледи.

"Жайыттардын деградациясы, токойлордун азаюусу жана сел жүрүүчү сайларга адамдар мыйзамсыз түрдө үй, короо-жай жана башка курулуштарды куруп алышканы өтө чоң себеп болду. Анын кесепетин Ноокаттагы селде көрдүк".

Адис ӨКМ дайыма мындай кооптуу аймактарды изилдеп, аныктап, мониторинг жүргүзүү менен бирге эле андагы элге да эскертүүлөрдү берип келе жатканын кошумчалады.

Кыргызстан 2024-жылдын алты айында табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты.

Өлкөдө быйыл сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Өкмөт алардын жакындарына 1 миллион сомдон жардам бере турганын билдирген. Үйү капиталдык ремонтко муктаждарга 500 миң сомдон берүү каралган.

Акыркы сел 23-июлда Базар-Коргон районунун Арстанбап кыштагында болуп, суу бир канча үйдүн короосун каптап, автоунааларды агызып, жолду бузду. Июлда Ош шаарындагы сел беш кишини агызып кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG