Париж-2024: Амантур Исмаилов коло байге үчүн беттеште жеңилди

Амантур Исмаилов Париж Олимпиадасында.

Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов коло үчүн беттеште азербайжандык Хасрат Жафаровго жеңилди (0:8). Исмаилов ушуну менен Париж Олимпиадасындагы таймаштарын жыйынтыктап, 5-орунду ээледи.

Бул Олимп оюндарында Амантур Исмаилов төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде уткан. Чейрек финалда Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси, Европа чемпионатында эки жолку коло байге уткан украиналык Парвиз Насибовго бир упай айырмасы (6:7) менен жеңилген. Насибов финалга чыккандыктан, Исмаилов көңүл жубатуучу беттешке чыккан. Көңүл жубатуучу беттеште ал сербиялык Мате Немешти 8:0 эсебинде утуп, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Амантур Исмаилов 26 жашта. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2022), Азия оюндарында 3-орунду (2018) ээлеген, Азия чемпионатында коло медалды тагынган (2021), 23 жашка чейинкилер арасында да Азия чемпионатында коло байге уткан (2019). Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш медалынын ээси (2021), Польшада өткөн Ziolkowski Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешининин жеңүүчүсү (2024).

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 74 өлкөнүн арасынан 60-орунда баратат.

Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган. Эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу 9-августта көңүл жубатуучу таймашта кытайлык Цзоу Ванхао менен күрөшөт. Беттеш 9-августта саат 15:00дө башталат.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 9-августка караган түнү болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен жарым финалда беттешет. Париж Олимпидасынын оюндары 12-августка чейин уланат. Алдыда балбандар, Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев, Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев жана марафончу Сардана Трофимова мелдештерге катышат. (ECh/GT)

Дагы караңыз

Париж-2024: Акжол менен Үзүр коло медал уттуПариж - 2024: Кыргызстандын балбандары төрт медал утту "Диетолог, психолог жок". Балбандардын жеңиши, адистерден чыккан талкуу