АКШда пакистандык жаран Иран менен байланышта деген айып боюнча кармалды

Касем Сулейманини акыркы сапарга узатуу. Архивдик сүрөт.

АКШнын Юстиция министрлиги Пакистандын жараны, 46 жаштагы Асиф Мерчантка бир катар америкалык саясатчыларды, анын арасында мурдагы президент Дональд Трампты өлтүрүү максатында кутум уюштуруу тууралуу айып тагылды. Бул жөнүндө бүгүн 7-августта «Америка добушу» билдирди жана ал 12-июлда АКШдан чыгып кетүү аракети учурунда кармалып, үч күндөн кийин расмий түрдө камакка алынганын маалымдады.

Тергөө «Мерчант буюртма киши өлтүрүүнүн аткаруучуларын азгырууга аракет кылган, мындай кол салуу 2020-жылы «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» командирлеринин бири Касем Сулейманинин киши колдуу болушу үчүн өч алуу болмок” деп эсептей турганын билдирүүдө.

CNN АКШ бийлигиндеги жеке булактарына таянып жазгандай, кол салуу быйыл август айынын соңунда, сентябрдын башында ишке ашырылмак, бул үчүн Мерчант бир нече эркек жана бир аял кишини, алардан тышкары алаксытуу үчүн “нааразылык акциясын” уюштурууга 25 чакты кишини издеп жаткан.

NDTV телеканалы кармалган кишинин толук аты Асиф Раза Мерчант экенин, ал мурда Иранда жашаганын, Пакистанда жана Иранда жашаган эки аялынан балдары бар экенин, өзү Иран, Сирия жана Ирак өлкөлөрүнө көп каттап жүргөнүн жазды.

Мурдагы президент, быйылкы президенттик шайлоого да талапкер катары катышып жаткан Дональд Трампка жакында кол салуу болгон. 13-июлда Батлер шаарында шайлоочулары менен жолугушууда трибунада сүйлөп жаткан учурда атылган ок Трамптын оң кулагын чийип кетип, жараат алган. Абалы жакшы, өмүрүнө коркунуч жок экени маалымдалган. Ага каршы ок ачкан 20 жаштагы Мэттью Крукс ошол жерден өлтүрүлгөн.

2020-жылы Ирактын борбору Багдадда АКШнын ракеталык чабуулунан«Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» курамындагы "ал-Кудстун" башчысы Касем Сулеймани жок кылынган. Бул окуя аймакта чыңалууну жараткан. Иранды колдогон бир нече топ АКШнын аскердик базаларын бутага алып, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасы эл аралык көзөмөлгө алынуучу келишимдеги чектөөлөрдү аткаруудан баш тарткан. (RK)

Дагы караңыз

"Элчи элге жакын болушу керек". Орусиядагы мигранттардын мүдөөсү "Өзгөн күрүчү темирге бай, анемиянын алдын алат"Британия: Интернеттеги фейк, мигранттарга каршы зомбулук Өзбекстанда абактагы каракалпак активистинин абалы начарлаганы кабарланды