Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Өзбекстанда абактагы каракалпак активистинин абалы начарлаганы кабарланды


Даулетмурат Тажимуратов.
Даулетмурат Тажимуратов.

Өзбекстанда Каракалпакстан окуяларына байланыштуу кармалып, колонияда отурган каракалпак активисти Даулетмурат Тажимуратовдун саламаттыгы абдан начарлап кеткенин Австрияда жайгашкан «Евразия Эркиндиги» укук коргоо уюму билдирди.

Тажимуратов Навои шаарындагы күчөтүлгөн тартиптеги колонияда отурат. Укук коргоочулардын айтымында, август айынын башында апасы барып жолугуп келди, ал 150дөй киши менен чогуу бир баракта, өтө начар, таза суусу жок шартта кармалууда.

Апасы активисттин жанында үч күн жашаганын, бир айда уулу 10 килограмм арыктап, араң басып жүргөнүн, үч күн бою улам кусуп жаткандыктан эч нерсе жей албай койгонун айтып берди. Ал зыян өндүрүш цехинде коргоочу кийимсиз жана каражатсыз иштеп, колу-бутуна жана бети-башына жара чыгып кеткени, медициналык жардам берилбей жатканы маалымдалды.

Тажимуратов Каракалпакстандагы 2022-жылдагы нааразылык акциясы учурундагы окуялар боюнча айыптуу деп табылган. Ал «Өзбекстанда бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү кулатуу максатында кутум уюштуруу» жана «жапырт башаламандык уюштуруу» деген айыптардын негизинде 16 жылга эркинен ажыратылган.

Эки апта мурда активисттин апелляциялык арызы четке кагылган. Анын адвокаты Сергей Майоров билдиргендей, Жогорку сотко экинчи жолу апелляциялык арыз берилген, бирок аны сот канааттандыруудан баш тарткан.

Майоровдун айтымында, 23-июлдагы сот отурумуна Тажимуратов өзү катыштырылган жок. Анын видео байланыш аркылуу катышуусуна да уруксат берилбей койду.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG