Түркия Эл аралык соттогу Израилге каршы жараянга кошулат

Сот отуруму. 2024-жылдын 26-январы.

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гаагадагы Эл аралык сотунда геноцид маселесине байланыштуу Израилге каршы жүрүп жаткан процесске кошулуу үчүн 7-августта расмий арыз берет. Бул тууралуу 5-августта түрк тышкы иштер министри Хакан Фидан билдирген.

"Биз Израил боюнча даярдаган маалыматыбызды Эл аралык сотко шаршемби күнү тапшырабыз жана жараянга катышуу мүмкүнчүлүгүн алабыз ", - деген Фидан.

Түркия Газада ХАМАСка (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) каршы жүргүзүп жаткан согушу үчүн Израилди бир нече жолу сындаган. Өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган палестиндерди ачык колдоп, Израилди «варвардык кылууда» деп айыптаган.

Түштүк Африка Республикасы былтыр 29-декабрда БУУнун Гаагадагы Эл аралык сотуна арыз менен кайрылган. Аталган өлкө Израилди Газа секторунда палестиндерди геноцид кылып жатат деп айыптап, согушун токтотуу талабын коюуну өтүнгөн.

Эл аралык сот 26-январда Түштүк Африка мамлекетинин Израилге каршы арызы боюнча баштапкы чечимин жарыялаган. Анда Израил Газадагы "геноцид" аракеттерин алдын алуу үчүн болгон чараларды көрүүгө, андай аракеттерге тиешеси барларды жазалоого жана сектордогу гуманитардык кырдаалды жакшыртууга милдеттендирилген.

Бирок, "ок атышуу токтотулсун" деген чечим болгон эмес. Ошондой эле, сот Израил бир айдын ичинде бул чечимдин аткарылышы боюнча маалымат бериши керек деген бүтүмгө келген.

Бул күнү Түштүк Африка Республикасынын палестин жай тургундарын коргоо үчүн Израилге басым көрсөтүү боюнча чукул чаралар тууралуу гана талабы каралган, ал эми геноцид боюнча акыркы чечимди кабыл алууга бир нече жыл талап кылынышы ыктымал.

Израил коюлуп жаткан айыпты четке кагууда. Бул өлкөнүн өкмөтүнүн расмий өкүлү Эйлон Леви 25-январда: «Биз Эл аралык сот мындай жалган жана ойдон чыгарылган айыптоолорду четке кагат деп күтүп жатабыз», — деп билдирген.

Азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрдагы Израилдеги кандуу окуя себеп болгон. Ал күнү ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө айырбашталган.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, Израил армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 39 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды. (RK)

Дагы караңыз

"Өзгөн күрүчү темирге бай, анемиянын алдын алат"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол курулушу октябрда башталатПариж-2024: Амантур Исмаилов чейрек финалга чыктыУкраина Орусиянын чек арадагы бир нече кыштагын ээлегени кабарланды