Amnesty International Афган Садыговду экстрадиция кылбоого чакырды

Афган Садиговдун кармалышы.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Грузия бийлигин азербайжандык журналист, Azel.TV телекомпаниясынын башкы редактору Афган Садыговду Азербайжанга экстрадициялоо аракетин тез арада токтотууга, эл аралык укук нормалары боюнча алган милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

Уюм андай милдеттенмелерине ылайык, грузин бийлиги Садыговду жана анын жубайын эгер жардам сурап кайрылса эл аралык коргоого алышы зарыл экенин эскертти.

«Азербайжанга экстрадиция болсо ал кыйноо, эркинен мыйзамсыз ажыратуу жана адилетсиз сот сыяктуу адам укуктарынын бузулушуна кабылары анык. Садыговго каршы козголгон иш Азербайжанда көз каранды эмес ЖМКны жок кылуу тенденциясынын уландысы», — деп белгиледи Amnesty International уюмунун директорунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча орун басары Денис Кривошеев.

Афган Садыгов Грузияда 2023-жылдын декабрынан бери жашайт. Amnesty International билдиргендей, 2020-жылдын май айында мекенинде ага опузалоо тууралуу айып тагылып, бул саясий куугунтуктун натыйжасында жети жылдык абак мөөнөтү чегерилген. 2023-жылы май айында мунапыс алып, бошотулган. Бирок куугунтук жана коркутуп-үркүтүү улана бергендиктен өлкөдөн чыгып кеткен.

Быйыл июль айында Грузия бийлиги журналистке Түркияга баруусуна тыюу салып, Азербайжанга гана бара алат деген шарт койгон.

Садыгов Грузияда кармалганы бир нече күн мурда белгилүү болду. Азыркы тапта ал Глдани түрмөсүндө кармалууда. (RK)

Дагы караңыз

Балбандардын ызасы, үмүт жандырган финалМелис Турганбаев: Жоламан менен Акжолдун келечеги кең Баткенде өрүктүн инсталляциясы орнотулдуКамала Харрис вице-президенттикке талапкер кылып Тим Уолзду тандады