Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Баткенде өрүктүн инсталляциясы орнотулду


Баткенде курулган өрүктүн инсталляциясы. 6-август. 2024-жыл
Баткенде курулган өрүктүн инсталляциясы. 6-август. 2024-жыл

Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине бийиктиги 5 метрден ашык, салмагы 2 тоннага чукул болгон өрүктүн инсталляциясы орнотулду.

Жергиликтүү тургундардын демилгеси менен орнотулган инсталляция үчүн бир миллион сомдой каражат сарпталган.

Уюштуруучулар мындай демилге Баткенди даңазалоо, ынтымактын символу экенин белгилешет.

Баткен облусунда 10 миң гектарга жакын өрүкзар бар. Мындан жылына 100 миң тоннадай түшүм жыйналат. Өрүктүн түшүмүнүн 20 пайызы гана кайра иштетилет. (JsA)

XS
SM
MD
LG