Баткенде базардан чыккан өрт киши өмүрүн алды

Раззаков шаары.

Баткен облусунун Раззаков шаарында жайгашкан Мадамин базарында өрт чыгып, 16 жаштагы улан көз жумду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 6-августта саат 11:15 чамасында базарда чыккан өрт 11:55те чектөөгө алынган. Андан жабыркаган бала ооруканада үзүлгөн.

Өрттүн себеби такталууда. (JsA)

Дагы караңыз

"Ток менен урушту". ЕАЭБдин мигрантка тийбеген жарыгыМамлекеттик ипотека менен берилүүчү 11 миң батир курулуп жататИран жана Тажикстан ортосунда визасыз каттам 10-августта башталат Косово сербиялык почтанын бир нече бөлүмүн жапты