Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кел-Суу

7-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. ,
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө тункүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 34…36° ысыйт.

Чолпон-Атада мезгил-мезгили өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 26…28° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 5-августта күндүз 22,2°, 6-августта эртең менен 22,4° түздү.

Дагы караңыз

УКМК Нарында облус башчысынын мурдагы орун басары кармалганын билдирдиКемпир-Абад иши Бишкек шаардык сотунда карала баштадыИнтернет, ЖМКдагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салуу сунушталды Косово сербиялык почтанын бир нече бөлүмүн жапты"Ток менен урушту". ЕАЭБдин мигрантка тийбеген жарыгы