Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

УКМК Нарында облус башчысынын мурдагы орун басары кармалганын билдирди


УКМК тараткан жер.
УКМК тараткан жер.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ат-Башы районундагы “Чар” токой чарбасынан 160,9 гектар жерди мыйзамсыз алган деген шек менен Нарын облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Исабек Абдыгазиев кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын кабарлашынча, шектүү токой чарбасынын жерин мыйзамсыз ээлеп, эс алуучу жайларды куруп алган.

“2005-2007-жылдары Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп иштеп туруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ат-Башы районундагы “Чар” токой чарбасынан 160,9 гектар жерди бекер пайдаланууга алган. Ал 2007-жылдан ушул убакка чейин аталган жер тилкелерин пайдаланганы үчүн бюджетке эч кандай милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн эмес”, - деп айтылат билдирүүдө.

УКМК туризм багытында салынган имараттардын уруксат документтери болбогонун билдирди. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 212-беренеси (“Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу”) боюнча иш козголуп, шектүү тергөө абагына камалды.

Азырынча шектүүнүн жакындарынан же адвокатынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек. 2019-жылы Исабек Абдыгазиев “Азаттыкка” ишкер катары өз каражаты менен эс алуу жай, туризмди өнүктүрүүгө аракет кылып жатканын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG