Армения ЖККУнун Кыргызстанда өтө турган машыгууларына катышпайт

ЖККУнун машыгуусу. Кыргызстан, Балыкчы, 11-октябрь, 2023-жыл/

Армения Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Кыргызстанда 3-сентябрдан 15-сентябрга чейин өтө турган “Кызматташуу – 2024”, “Эшелон – 2024” жана “Издөө – 2024” машыгууларына катышпайт.

Бул тууралуу уюмдун Telegram-каналындагы расмий баракчасына маалымат жарыяланды.

Ага ылайык, машыгууларга Кыргызстандын, Беларустун, Казакстандын, Орусиянын жана Тажикстандын куралдуу күчтөрү, Ички иштер министрликтеринин (ИИМ), Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин (ӨКМ) кызматкерлери катышат.

Ареминия ага катышпай турганы тууралуу маалымат берген.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян быйыл 12-июнда Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгарын айткан. Ал Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу кайталаган. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.

Ага чейин Армения ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялаган жана бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (BTo)

Дагы караңыз

Олимпиадада Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков килемге чыгатБеларустун 28 жараны Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирдиКазакстанда күйдүргү катталган айылда карантин жарыяландыКубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалды