Орусияда Кыргызстандын жараны автоунаа сүзүп каза болду

"Жүк 200". Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Ленинград облусундагы Бугра шаарында 2-август күнү, саат 21:00 чамасында кыргызстандык эки жаранын жолдон өтүп бара жаткан кезде "Субару Форестер" автоунаасы сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен С.А. аттуу кыргызстандык каза болуп, З.Б. райондук ооруканалардын бирине жеткирилген, анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Жол кырсыгы боюнча Всеволожский райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, учурда Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу бул иш боюнча консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы алты айда чет өлкөлөрдө каза болгон 262 кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жеткирилген. "Жүк 200" алып келүүгө мамлекет 23 млн 260 миң сом төлөп берген.

Былтыр чет өлкөлөрдөн 581 ашык кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келген, алардын басымдуу бөлүгү Орусия, Түркия, Индия, АКШ жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн.

2022-жылы чет мамлекеттерден 350, 2021-жылы 540 кыргызстандыктын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.(ZKo)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип эки адам кармалды"Таштандыдагы шырдакка жүрөгүм ооруду" Бакытбек Касымкулов Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси болду Спорт департаменти Сейитбек уулунун машыктыруучусу боюнча түшүндүрмө берди Жакынкы Чыгыш: "Хезболла" Израилге сокку урду, кырдаал чыңалууда