АКШнын Юстиция министрлиги TikTok компаниясын сотко берди

Иллюстрациялык сүрөт

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги TikTok компаниясын “Балдардын интернеттеги конфиденциалдуулугун коргоо тууралуу мыйзамды” бузганы үчүн айыптап, сотко берди.

Бул мыйзамга ылайык, балдарга багытталган тиркемелер 13 жашка чыга электердин жеке маалыматтарын чогултуудан мурда ата-энелердин макулдугун алыш керек.

Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, TikTok платформасы балдардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз чогултуп жүргөн. Андан тышкары аталган социалдык түйүн балдарынын аккаунттарын жапкысы келген ата-энелердин талаптарын аткаруудан баш тарткан.

“Юстиция министрлиги балдарынын конфиденциалдуулугун коргоону көздөгөн ата-энелерди колдоого аракет кылат”,-деди башкы прокурордун жардамчысынын биринчи орун басары Брайан Бойнтон.

TikTok компаниясынын өкүлдөрү баардык дооматтарды четке кагып, алардын көбү мурдагы фактыларга жана окуяларга байланыштуу экенин жана азыр чындыкка дал келбестигин билдирди.

Андан тышкары компаниядан белгилешкендей, экранды тиктеп өткөрүү убактысын чектөө функциясы киргизилип, ата-энелерге өз аккаунттарын балдарыныкы менен байланыштырган Family Pairing функциясы кошулган.

2024-жылдын апрелинде АКШ президенти Жо Байден TikTok социалдык түйүнүнө ээлик кылган, баш кеңсеси Кытайда жайгашкан ByteDance компаниясы тиркемени 2025-жылга чейин сатпаса, Американын аймагында жабууну караган мыйзамга кол койгон.

Бул мыйзам америкалык мыйзам чыгаруучулар TikTok улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн деген тынчсыздануудан кийин кабыл алынган.

Кыргызстанда аталган социалдык түйүн быйыл апрелде блоктолгон.

Дагы караңыз

Спорт департаменти Сейитбек уулунун машыктыруучусу боюнча түшүндүрмө берди Британиядагы акциядан кийин 90дон ашуун адам кармалдыУкраина Орусиянын суу астындагы кемесин чөктүргөнүн маалымдадыӨКМ Көл-Төрдө суунун деңгээли көзөмөлдө экенин билдирди