Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

ӨКМ Көл-Төрдө суунун деңгээли көзөмөлдө экенин билдирди


Көл-Төр көлү.
Көл-Төр көлү.

Чүйдүн Кегети айыл аймагындагы Көл-Төр көлүнүн деңгээли көзөмөлдө экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-августта тараткан маалыматында билдирди.

Буга чейин мекемеге көлдүн деңгээли көтөрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат келген. Анын ташып кетүүсүн алдын алуу үчүн узундугу 135 метрлик сифон суу түтүгү орнотулду. Мындай түтүктөн дагы экини орнотуу пландалууа.

Адистер климаттын өзгөрүшүнөн улам соңку мезгилде мөңгүлөр тездик менен тынымсыз эрип жатканын, мындан улам мөңгүлөрдүн астындагы бийик тоолуу көлдөр ташып, сел көп жүрүшү мүмкүн экенин айтышат.

Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институту буга чейин Тянь-Шань тоолорунда жана Борбор Азиянын ысыгыраак аймактарында абанын табы 1-3 градуска көтөрүлгөнүн "Азаттыкка" билдирген.

XS
SM
MD
LG