Спорт департаменти Сейитбек уулунун машыктыруучусу боюнча түшүндүрмө берди

Мунарбек Сейитбек уулу машыктыруучусу Беганас Султанбаев менен.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин Парижге барбай калган себебин түшүндүрдү.

Ал Фейсбуктагы баракчасына машыктыруучуларга аккредитация мушкерлер лицензия алганга чейин берилип бүткөнүн, буга байланыштуу башкы машыктыруучу гана аккредитация алганын билдирди.

"Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылы июнь айында алды. Ал эми тренерлерди аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы тренер аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы тренерге уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке тренер гана эмес, улук тренер дагы Парижге бара алган жок", - деп жазды ал.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты. Ал 4-августка караган түнү 57 килограмм салмакта чейрек финалда дүйнө чемпиону жана Панамерика оюндарынын жеңүүчүсү, АКШ мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңди.

Дагы караңыз Олимпиада: Мунарбектин жеңиши, машыктыруучудан чыккан талкуу

1-августка караган түнү Сейитбек уулу оюндардагы алгачкы беттешин өткөрүп, кубалык Орта Сайделди жеңген. Ал таймашта Сейитбек уулун бокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен өзбекстандык машыктыруучу секундант катары коштоп чыккан.

Мунарбектин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Олимпиадага барбай калганы тууралуу “Азаттыкка” мындай деген:

“Мага Олимпиадага баруу буйрубаптыр. Бир спортчуга бир машыктыруучу дешкенинен, башкы машыктыруучубуз кеткен. Башкы машыктыруучу Данияр өзү жалгыз баргандыктан, өзү секундант боло албайт. Жок дегенде эки адам керек. Бири рингге кирип, спортчуга суу берип турса, бири сыртта капаны (тиш кап) жууп берет. Өзбекстандык машыктыруучу жардам берип, коштоп чыгып жатат. Ага чоң рахмат. Бирок өзүнүн жеке машыктыруучусу ошол жерде турса жакшы болмок да”.

4-августта Султанбаевдин беттешке сыналгы аркылуу көз салып, күйөрмандык кылып жаткан видеосу тарап, социалдык тармактарда ар кандай талкууга алынды.

Дагы караңыз

Украина Орусиянын суу астындагы кемесин чөктүргөнүн маалымдадыӨКМ Көл-Төрдө суунун деңгээли көзөмөлдө экенин билдирдиИИМ чет өлкөдө ишке орноштурган агенттиктердин ишин текшерди