"Кыргызгидромет" 3-августта күн ысыганына байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суу кириши мүмкүн экенин билдирди.
4-августта Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт. Батыштан жел согуп, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38,
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүндө 12…17, күндүз 26…31,
Нарын облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10...15°.
Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Түнкүсүн 22…24°, күндүз 36…38 градус болот.
Дагы караңыз
Париж-2024: Олимпиадага фаворит катары барган алты казак мушкери жеңилдиПариж-2024: суучул Елизавета Печерских 30-орунду ээледиИранда Ханиянын өлүмү боюнча 20дан ашык киши кармалганы кабарланды