Өзбекстанда үч баланын энеси онлайн оюнда утулуп, өз жанын кыйган

Өзбекстандагы аялдар. (Иллюстративдик сүрөт)

Коңшу өлкөнүн Анжиян облусунун 28 жаштагы тургуну онлайн кумар оюнунда утулуп калгандан кийин өз жанын кыйганын облустук прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда үч баланын энеси интернет-оюнда 15 миллион сум (болжол менен 1200 доллар) уттуруп, өз жанын кыйгысы келгенин жакындарына жазган. Окуя үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда болгон.

Анын сөөгү 22-июлда "Асака Ташламасы" каналынан табылган.

Экспертизанын жыйынтыгында, өлүмгө дем алуу жолдоруна суу толуп калышы себеп болгон.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Коңшу өлкөдө буга чейин ири суммадагы акчасын уттуруп, өз жанган кыйган бир нече учур катталган.

Учурда Өзбекстанда кумар оюндарына тыюу салынган. Бирок буга чейин 2025-жылдын 1-январынан тарта онлайн оюндарды уюштурууга жана букмекердик ишмердүүлүккө лицензиялары бар жарандарга уруксат берилери маалым болгон. (AiA)

Дагы караңыз

Кыргызстанда жилик чучугун алмаштыруу операциясы башталат Өкмөт министрликтердин жарым жылдык ишин бааладыАКШнын вице-президенти Камала Харрис Юлия Навальная менен сүйлөштү