Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Кыргызстанда жилик чучугун алмаштыруу операциясы башталат


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда. 02.08.2024-жыл.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда. 02.08.2024-жыл.

Кыргызстанда жилик чучугунун аутологиялык трансплантациясы жасала баштайт.

Бул тууралуу бүгүн, cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

2-августта ал Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Ходжкин лимфомасы менен ооруган 14 жаштагы Б.М.Ж. аттуу бейтапка жолукту.

Жилик чучугунун аутологиялык трансплантациясы – бейтаптын өзүнүн өзөктүү клеткаларын колдонгон заманбап жана эффективдүү дарылоо ыкмасы. Бул ыкма иммунологиялык кагылышуулардын коркунучун азайтат жана дарылоо натыйжаларын жакшыртат.

Беш курс химиотерапиядан өткөн бейтапка жасалуучу бул маанилүү операция ага толук сакайып кетүүгө үмүт берет.

“Бүгүн Кыргызстанда балдар онкологиясын дарылоону өнүктүрүүнүн маанилүү учуру болуп саналат. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун аутологиялык трансплантациялоонун башталышы рак илдети менен ооруган балдарды дарылоо үчүн жаңы горизонтторду ачат. Биз бул алдыңкы технологияларды ишке киргизүү кичинекей бейтаптарыбыздын сакайып кетүү мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатат жана жашоо сапатын жакшыртат деп ишенебиз", - деп билдирди Бейшеналиев.

Министр дарыгерлер менен лаборанттар Түркияда атайын окутуудан өтүп келгенин кошумчалады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда шишиктин антигендик түзүлүшүн жана лейкоз клеткаларынын түрүн аныктоочу уникалдуу агымдык цитометриялык аппарат иштейт, ал ооруну дарылоонун натыйжалуулугун болжолдоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, мекеме өзөктүү клеткаларды чогултуу үчүн афферездик аппарат менен жабдылган жана "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан бардык керектүү дары-дармектер жана жабдуулар менен камсыздалган. Жакынкы келечекте жилик чучугун аллогендик алмаштыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Баланын органдарынын жана организминин системаларынын залалдуу дарттары олуттуу көйгөй болуп саналат. Бирок дарыгерлер өз убагында медициналык жардам көрсөтүү менен мындай ооруларды ийгиликтүү дарылоого болот дешет. Эң негизгиси, аларды мүмкүн болушунча эрте аныктоо зарыл.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, жыл сайын 19 жашка чейинки 400 миңдей балдар жана өспүрүмдөр рак оорусуна чалдыгат. Дүйнөдө балдардын рак оорусуна чалдыгуу ар бир 100 миң балага 12ден 18ге чейин жетет. Кыргызстанда алардын жыштыгы 100 миң балага 10ду түзөт.

Кыргызстанда онкологиялык оорулардын 40% лейкоз, 12% лимфома жана калганы катуу шишик болуп саналат. Жыл сайын оорунун 180ге жакын жаңы учуру аныкталат. Балдардагы онкологиялык оору 2-5 жашта жана - 12-16 жашта көп аныкталат. (MZh)

XS
SM
MD
LG