Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

АКШнын вице-президенти Камала Харрис Юлия Навальная менен сүйлөштү


Камала Харрис, АКШнын вице-президенти.
Камала Харрис, АКШнын вице-президенти.

Бейшемби күнү АКШнын вице-президенти Камала Харрис Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная менен Орусиянын абактарынан 16 саясий туткун бошотулгандан кийин сүйлөштү.

Бул тууралуу Ак үйдүн сайтына шилтеме берип, "Свобода" радиосу жазды.

Маалыматка караганда, Камала Харрис саясий туткундардын бошотулушун кубаттап, Орусияда жана дүйнө жүзүндө эркиндик үчүн күрөшкөндөрдү колдоону уланта берерин билдирген. Ак үйдүн маалыматында, Харрис Навальнаянын "күйөөсүнүн Орусиядагы адилеттик жана мыйзам үстөмдүгү үчүн ишин" улантуудагы эрдигин жогору баалаганы жазылган.

Камала Харрис буга чейин Юлия Навальная менен 2024-жылдын февралында Мүнхен коопсуздук конференциясында Навальныйдын каза болгону тууралуу кабардан бир нече саат өткөндөн кийин жолуккан.

1-августта Орусияда эркинен ажыратылган бир катар чет элдик жаранды жана орусиялыкты чет мамлекеттердин абактарында отурган айрым орус жарандарына айырбаштоо жараяны жүрдү.

Кремлдин, орус президенти Владимир Путиндин келишкис сынчысы катары таанылган, "Коррупцияга каршы фонд" түзгөн, 19 жылга кесилип, соңку үч жылдан бери Ямалдагы түрмөдө кармалып келген Алексей Навальный быйыл 16-февралда каза болгон. Жакындары ал киши колдуу болду деп эсептешет. Орусиянын Жаза аткаруу кызматы саясатчы өзү каза болгонун билдирген. Бирок диагнозу алигүнчө ачык айтыла элек. (AiA)

XS
SM
MD
LG