Украина Орусиянын дрон жана ракета чабуулуна кабылганын кабарлады

Украина.

Украинанын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аскердик мекемелери өлкө соңку суткада да Орусиянын дрон жана ракета чабуулуна кабылганын, бир нече киши каза тапканын 1-августта билдиришти.

Днепропетров облусундагы Никопол шаарында эки аялдын – 72 жаштагы апасынын жана 40 жаштагы кызынын өмүрү кыйылганын облустук аскердик администрация башчысы Сергей Лысак билдирди. Ал шаар орус аскерлеринин аткылоосуна кабылганын, ондогон снаряд түшкөнүн Телеграмга жазды жана дагы бир жергиликтүү тургун жараат алганын, үйлөр, автомашиналар, мектеп имараты талкаланганын маалымдады.

Харьков облусунда 1-августка караган түнү темир жол станцияларынын бирине ракеталык сокку урулганын, бир кызматкер жараат алганын, айрым поезддердин иш жадыбалы убактылуу өзгөртүлгөнүн «Укрзализныци» ишканасы билдирди. Облустун аскердик администрация башчысы Олег Синегубов Изюм шаары «Искандер-М» ракетасы менен аткыланганын, бир киши каза тапканын, дагы бири жараат алганын жазды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү 1-августка караган түнү Киев, Полтава, Херсон жана Днепропетров облустарынын аймагында Shahed дрондорунан жетөөнү атып түшүрүшкөнүн билдирди.

Ал тапта украин президенти Владимир Зеленский Украина боюнча экинчи тынчтык саммитине орус тарапты да чакыруу зарыл экенин айтып жатышканын франциялык Le Monde басылмасына курган маегинде билдирди:

«Дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү ушуну каалайт. Бүгүн дүйнөнүн көпчүлүгү Орусиянын өкүлдөрү экинчи [Тынчтык] саммитинде болушу керек, болбосо биз маанилүү жыйынтыктарга жете албайбыз, анткени Орусия Украинага каршы согушуп жатат жана бул согуштун бир тарабы болуп эсептелет деп айтып жатат».

Орус аскерлери 2022-жылы Украинага каршы согуш ачкандан бери курал-жарагынын көптөгөн түрлөрүнөн – согуштук дрон, ракета, башкарылуучу авиабомба, жапырт аткылоочу реактивдүү система менен чабуул коюп келе жатат. Украинанын жайкын тургундары каза болуп, социалдык жана жарандык инфраструктурасы кыйрап жатканы тууралуу айыптоолорун орус бийлиги четке кагып келет. Киев жана эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын соккуларын атайын жасалып жаткан согуш кылмышы деп баалашат. (RK)

Дагы караңыз

Ереван аэропортундагы орусиялык чек арачыларды чыгаруу жараяны аяктады Молдова "тыңчылык" маселесинен улам орус дипломатын өлкөдөн чыгаруудаЛенин райондук соту төрт журналисттин абактагы мөөнөтүн узарттыИранда Ханияны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө