Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Ереван аэропортундагы орусиялык чек арачыларды чыгаруу жараяны аяктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Армениянын борбор калаасы Еревандын Звартноц эл аралык аэропортунун көзөмөл-өткөрмө бекетинде кызмат кылган чек арачыларын чыгарып кетүү жараянын аяктады. Мындай талабын армян бийлиги быйыл жыл башында, эки өлкө ортосунда абал чыңылап турган учурда койгон.

31-июлда орусиялык чек арачалыр аэропорттон толук чыгып кетишти. Ал жерге алар 1992-жылы мамлекет аралык келишимдин негизинде жайгаштырылган жана бул эки өлкө ортосундагы тыгыз аскердик кызматташтыктын белгиси болуп келген.

Өкмөт башчы Никол Пашинян чек арачыларды чыгарып кетүүгө Москвага 1-августка чейин убакыт берип, көзөмөлдү «орус тараптын жардамысыз эле» жүргүзө алышарын айткан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги армян өкмөтүнүн бул кадамын сындап, Ереван эки мамлекет ортосундагы мамилеге «оңдолгус зыян» келтирип алышы мүмкүн экенин эскерткен жана Армениянын коопсуздугу менен экономикалык өнүгүүсүнө коркунуч жараларын айткан.

Май айында Пашинян орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, бул маселе боюнча мунаса табылган. Ошол эле жолугушууда Путин Армениянын Азербайжан менен чек арасындагы аскерлерин чыгарып кетүүгө да макулдугун берген. Ал тилкеге орус аскерлери 2020-жылы Тоолуу Карабакта абал курчугунда Еревандын өтүнүчү менен жайгаштырылган.

Мындан тышкары орусиялык чек арачылар Армениянын Иран жана Түркия менен чек арасында кызматын улантууда.

Орусиянын Арменияда аскердик базасы да бар. Быйыл март айында орусиялык жогорку кызматтагы депутаттардын бири армян бийлигие аталган базаны жабуу тууралуу жада калса оозанышы да туура эмес болорун эскерткен. Пашинян андай ою бар же жогун айта элек, бирок Армения Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) каржылык төлөмдөргө катышпай турганын, бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтотконун жарыялаган жана өлкөнүн Европа Биримдигине кирүү ыктымалдыгы тууралуу айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG