Молдова "тыңчылык" маселесинен улам орус дипломатын өлкөдөн чыгарууда

Элчи Олег Васнецов.

Молдованын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын элчилигинин кызматкерин персона нон-грата деп жарыялап, ага өлкөдөн чыгып кетүүгө 48 саат убакыт берди. Бир нече саат мурда бийлик борбор калаа Кишиневдо тыңчылыкка байланыштуу иликтөө жүргүзүп жаткан коопсуздук кызматкерлери парламент имаратында рейд жүргүзүп, молдовалык эки аткаминерди колго түшүргөнүн билдирген.

ТИМдин 1-августтагы маалыматында Орусиянын элчиси Олег Васнецов министрликке чакырылганы, ага элчиликтин кызматкери боюнча чечим кабыл алынганы тууралуу нота тапшырылганы айтылды. Мындай кадам орусиялык дипломат “Молдова аймагындагы дипломатиялык макамына дал келбеген ишмердүүлүк” жүргүзгөнүн тастыктаган “маалымат жана далил” бар экенинен улам жасалганы белгиленди.

Reuters маалымат агенттиги билдиргендей, кеп элчиликтин аскердик атташеси тууралуу жүрүүдө.

Молдованын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана өзгөчө иштер боюнча прокуратурасы билдиргендей, рейд учурунда кармалгандардын бири парламент кызматкери, экинчиси чек ара полициясында иштеген адам. Бири “мамлекетке чыккынчылык”, экинчиси “Молдовага каршы кутум” жасаган деп шектелүүдө.

Молдова президенти Майя Санду мамлекетке чыккынчылык кылгандар эң катуу жаза алышы керектигин айтты.

Орусия Молдовадагы быйылкы шайлоо өнөктүгүнө таасир этип, жалган маалымат таратуу аркылуу тоскоолдук жаратууга аракет кылып жатат деген кооптонуусун Кишинев жана Вашингтон 23-июлда билдиришкен.

Быйыл 20-октябрда Молдовада президенттик шайлоо менен катар 27 өлкөдөн турган Европа Биримдигине кошулуу маселеси боюнча референдум да өткөнү жатат. Молдова Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын 2022-жылы алган. Кишинев менен биримдиктин бул боюнча сүйлөшүүлөрү 2023-жылы 14-декабрда башталган.

Шайлоого катышарын азыркы президент Майя Санду жана андан тышкары дагы он чакты киши жарыялашты, арасында орусиячыл саясатчылар да бар.

2020-жылы Москванын саясатын колдогон президент Игорь Додонду утуп чыккан Майя Санду Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири Молдованы Батышка, Европага ыктаган саясат жолу менен алып барууда. (RK)

Дагы караңыз

Ленин райондук соту төрт журналисттин абактагы мөөнөтүн узарттыИранда Ханияны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдөAmnesty International Пакистан бийлигин "репрессияны токтотууга" чакырдыТИМ кыргызстандыктарды Ливанга жана Израилге барбай турууга чакырды