Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

ТИМ кыргызстандыктарды Ливанга жана Израилге барбай турууга чакырды


ТИМдин имараты.
ТИМдин имараты.

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу кыргызстандыктарды Ливан менен Израилге барбай турууга чакырды.

Башкы дипломатиялык мекеменин маалыматы 1-августта жарыяланды.

ТИМ Ливан жана Израилде жашаган кыргыз жарандарын аймактагы кырдаал турукташканга чейин коопсуз жайда болууга чакырды.

Бул өлкөлөрдө жүргөн жарандар Кыргызстандын Кувейттеги, Түркиядагы жана Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине байланышып жардам алышат.

Мунун алдында 30-июлда Германия, Италия, Норвегия жана Бахрейн жарандарын Ливандан чыгып кетүүгө жана ал жакка барбай турууга чакырган.

Мындай коопсуздук чаралары Ливандын түштүгүндө аракеттенген "Хезболла" ислам радикалдык тобу менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын ырбашына байланыштуу көрүлүүдө.

27-июлда "Хезболла" Израил аннексиялап алган Голан дөңсөөлөрүндөгү Маждал-Шамс шаарына ракеталык чабуул жасап, 12 адам каза тапкан. Израил ишемби күнкү чабуул үчүн ливандык "Хезболла" тобун айыптап, "душманга катаал жооп кайтарыларын" убада кылып, Газадагы согуш аймакка жайылып кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш 27-июлдагы ракеталык аткылоону айыптап, тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Израил 1967-жылы Араб мамлекеттеринин коалициясына каршы алты күндүк согушта Сириянын Голан дөңсөөсүнүн көпчүлүк бөлүгүн жана Иерусалим шаарынын чыгыш бөлүгүн ээлеп, 1981-жылы аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG